ЗАКИРОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКИРОВ Жээнбек (2. 10. 1940-ж. т., Жалал- Абад обл., Токтогул р-ну, Бууракан айылы) – медицина илимд. доктору (1997), проф. (2001). КММИни (1964), Кырг. ССР ИАнын Крайлык медицина ин-тунун аспирантурасын бүтүргөн (1967). 1968–2003-жылдары КР УИАнын Физио­логия ж-а эксперименттик патология ин-тун­да кенже, улук ил. кызматкер, окумуштуу кат­чы, лабор. башчы болуп иштеген. 2003-жыл­дан КМУда, 2006-жылдан КРСУда жетектөөчү ил. кызматкер. Жаныбар ж-а адамдын эндок­рин системасынын физиологиясы б-ча адис. 250дөн ашык ил. эмг., а. и. 3 монографиясы, 1 окуу китеби бар.


Эмг.: Гуморально-гормональные механизмы адап­тации в горах. Б., 1983; Нейрогуморальные меха­низмы адаптации у зимоспящих (в соавторстве). Б., 1987; Адамдын анатомиясы, физиологиясы жана гигиенасы. Б., 2001.