ЗАКОН (кубулуштар ортосундагы мамиле)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАКО́Н (филос.) – кубулуштар ортосундагы за­рыл, олуттуу, туруктуу, кайталанма мамиле. Объективдүү ж-а субъективдүү дүйнөнүн маңы­зын чагылдырат. Өз ара диалектикалык байла­нышта жалпы закон жекече закондор аркылуу аракет­тенет. Закон адамдардын аң-сезимине көз каранды­сыз объективдүү мүнөздө өкүм сүрөт. Илимдин эң башкы милдети – табияттын, коомдук өнү­гүүнүн, ойлоонун закондорун таанып-билүү болуп ж-а адамдардын жаратылышты, коомду кайра куруусунун негизи болуп эсептелет.