ЗАЛАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАЛАЛ – КРдин жарандык укугунда жаран­дын өздүгүнө же мүлкүнө, о. эле юрид. жакка келтирилген зыян. З. келтирген жак анын ор­дун толук толтурушу керек. Мыйзам б-ча З. кел­тирбеген жакка дагы зыяндын ордун толтуруу милдети жүктөлүшү мүмкүн. Мыйзам же кели­шим б-ча З. келтирген жакка З-дын өлчөмүнөн башка ордун толтуруучу төлөм милдети жүктө­лүшү мүмкүн. З. келтирген жак эгер келтирил­ген З-га алардын күнөөсү жок экендигин далил­десе, З-дын ордун толтуруу милдетинен бошо-


тулат. Бирок мыйзамда З-ды келтирүүгө күнөөсү жок болгон учурда да, анын ордун толтуруу учурлары каралган. Укук ченемдүү аракеттер аркылуу келтирилген З. мыйзам тарабынан ка­ралган учурларда гана орду толтурулат.