ЗАЛКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗА́ЛКА Мате (өз аты-жөнү – Бела Франкль; 23. 4. 1896, Венгрия – 11. 6. 1937, Испания) – венгр жазуучусу, СССРдеги Гражд. согуштун катышуучусу (1918–20), Испаниядагы улуттук­рев-ялык согуштун (1936–39) баатыры. Бирин­чи дүйнөлүк согушта (1914–18) Австрия-Венг­рия армиясында, Италия ж-а Чыгыш майдан­дарында салгылашкан. 1920–25-ж. элчилик, чарбалык кызматта болгон. 1936-жылдан Ис­паниядагы жарандык согушка республикачы­лар тарабынан катышкан, согушта курман бол­гон. Аңгемелери 1924-жылдан жарыялана баш­таган. Ал СССРдеги гражд. согуш темасын «Ат­чан аскер жүрүшү» (1929), «Алмалар» (1934) ж. б. чыгармаларында сүрөттөгөн. «Добердо» (1937) романында Биринчи дүйнөлүк согуштун империялык мүнөзүн ашкерелеген. Кызыл Туу ж-а Испанияны Бошотуу ордендери м-н сыйлан­ган (өлгөндөн кийин).