ЗАМАЛЕТДИНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАМАЛЕТДИНОВ Ильтузар Сарасович (29. 3. 1942-ж. т., Фрунзе ш.) – психология ж-а со­циология илимд. доктору (1991), проф. (1992). 1967-ж. КММИни бүткөн. 1967–71-ж. Кыргыз ас­кер госпиталында врач-психоневролог, 1971-жыл­дан Москва аскер округунун Космонавттарды даярдоо борборунда психолог болуп иштеген. Рос­сия космонавтика академиясынын корр. мүчөсү (1997). 60тан ашуун ачылыштардын ж-а ил. эм­гектердин автору. Медалдар м-н сыйланган.


Эмг.: Основы космической биологии и медицины. М.; Вашингтон, 1995.