ЗАМБЕЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАМБЕ́ЗИ – Түш. Африкадагы дарыя. Замбия, Ангола ж-а Мозамбик өлкөлөрүнүн аймагы ар­кылуу агып өтөт. Уз. 2660 км, алабынын аян­ты 1330 миң км2. Заирдин чек арасына жакын жерде, Лунда платосунан башталып, Инди океа­нынын Мозамбик кысыгына куярда дельтаны пайда кылат. Башатынан Виктория шаркырат­масына чейин (1200 км) түздүк аркылуу, андан ары Мозамбик ойдуңу м-н агат. Босоголуу бөлүгү (Катима, Кебрабаса) 100 кмге созулат, шаркы­ратмалары (Гонье, Виктория ж. б.) бар. Эң ири куймалары – Кафуэ ж-а Луангва, Шире. Ньяса (Малави) көлү З-нин алабына карайт. Декабр­дан апрелге чейин кирет. Орт. чыгымы чатын­да 16 миң м3/сек, жылдык агымы 106 км3. Ба­лык кармалат. Ири ГЭС ж-а Кариба суу сакта­гычы курулган. Босоголордун көптүгү кеме жү­рүүгө кыйынчылык келтирет; негизинен Зам­биянын аймагында гана кеме жүрөт.