ЗАМБИЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАМБИЛ – 1) жүк ташылчу чарбалык шайман. Замбилдин сокмо жана такта түрү бар. С о к м о замбил узундугу 2 м чамалуу эки жарыш таяктын (арасы 80– 100 см), ортосуна чырпыктардан чуңкурча кылып тыгыз токулат, т а к т а замбил жарыш таяктардын ортосуна тактай кагылып жасалат. 2) Дарылоо мекемелеринде оору же жарадарларды ташуу үчүн колдонулуучу шайман с а н ит а р д ы к замбил (носилка) деп аталат.