ЗАМБИРЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАМБИРЕК – жердеги, деңиздеги, көктөгү ж-а алыс аралыктагы душман күчүн жок кылууга арналган артиллериялык курал. З-тин найы узун, снарядынын ылдамдыгы жогору. Аскер артиллериясында З. жалпы ж-а ата­йын, арналышы­на карата зенит­тик, танкка кар­шы, жүрүү ыкма­сы ж-а түзүлүшү б-ча сүйрөтүлүүчү, өзү жүрүүчү, орно­тулма (танкка, са­молётко, кемеге) ж. б. болуп бөлүнөт.

Согуш куралдарынын баш­ка түрүнөн (гаубица, миномёт) айырмаланып, З. 40 км ж-а андан да алыска атат. Снаряды­нын баштапкы ылдамдыгы 800–1200 м/сек­га чейин жетет. Заманбап З-тин калибри 20– 210 мм, снарядынын салмагы 0,1–130 кг, түз атуу ылдамдыгы 2000 метрге чейин. З-тин (75– 210 мм) эң чоң атуу алыстыгы 13–33 км ж-а андан да ашык.