ЗАМБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗА́МБИЯ , З а м б и я Р е с п у б л и к а с ы – Африканын түш.-чыгыш бөлүгүндөгү мамлекет.

Түндүгүнөн Танзания ж-а Конго Демокр. Респ., батышынан Ангола, түштүгүнөн Намибия, Бот­свана ж-а Зимбабве, чыгышынан Малави, түш.- чыгышынан Мозамбик м-н чектешет. Аянты 752,6 миң км2. Калкы 11,49 млн (2007). Борбо­ру – Лусака ш. (калкы 2 млндой). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – квача. Адм.-айм. жактан 9 провинцияга бөлүнөт.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү

БУУнун (1964), Ынтымакташтыктын (1964), Африка биримдиги союзунун (1964), Африка сою­зунун (2002), Бейтараптык кыймылынын (1964), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1965), ЭВФтин (1965), Түштүк Африка өнүгүү жамаатташтыгынын (САДК; 1980); Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (КОМЕСА; 1994), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995), Эл аралык олимпия, Эл аралык саламаттык сактоо ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. З. – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1996-ж. кабыл алын­ган. Президент (2001-жылдан Л. Мванаваса) өк­мөттү (Министрлер кабинетин) башкарат ж-а өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы команда­чысы да болуп эсептелет. Президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук ассам­блеяга 150 депутат эл тарабынан шайланат, спи­кер ж-а 8 депутат президент тарабынан дайын­далат. Конституцияга ылайык 27 мүчөсү бар Өкүлдөр палатасы да (провинция башчылары) президентке караштуу каада-салт ж-а маданий маселелер б-ча кеңеш берүүчү орган катары эсеп­телет.
Негизги саясий партиялары: Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл (1991-ж. негизделген, партиянын президенти – Л. Мванаваса, Улут­тук ассамблеяда 81 орунга ээ), Улуттук өнүгүү бириккен партиясы, Улуттук көз карандысыз­дыктын бириккен партиясы, Демократия ж-а өнүгүү форуму, Мурас партиясы, Патриоттук фронт.

Табияты

. З-нын аймагын жылга-жыбыттуу бөксө тоолор, платолор ээлейт. Бөксө тоолору түштүктөн түндүктү карай бийиктеп, саванна м-н капталган. Басымдуу бийикт. 1000–1350 м. Кафуэ, Замбези д-нын өрөөндөрүндө чуңкурчак­тар, оёңдор ж-а саздак жерлер бар. Платодон аралча тоолор (копьестер) ж-а токол тоолор (Му­чинга тоосунун бийиктиги 1893 мге чейин) кө­төрүлөт. Өлкөнүн түн.-чыгыш чет-жакасында­гы Ньика платосунун тармактарында З-нин эң бийик жери – Мванда чокусу (2150 м) жайгаш­кан. З. субэкватордук климаттык алкакта жай­гашкан. Майдан августка чейин – салыштыр­малуу серүүн ж-а кургакчыл, августтан ноябрга чейин – ысык ж-а кургак, ноябрдан майга че­йин – жылуу ж-а нымдуу климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айынын (октябрь) орт. темп-расы 27°С, эң салкын мезгилиники (июль) 15°С. Жыл­дык жаан-чачыны 600–1400 мм. Жаан-чачын­дын 80–90% январдан апрелге чейин жаайт. Дарыялары дээрлик Замбезинин алабына ки­рет; ирилери: Кафуэ, Луангва. Түн. чек арасын­да Танганьика ж-а Мверу көлдөрү, Зимбабве м-н болгон чек арасында Виктория шаркы­ратмасы (120 м бийиктиктен агып түшөт; Зам-

Виктория шаркыратмасы.


Тү шт ү к Л уа нг ва улуттук паркында­гы миомбо токою.

бези д-нда) жайгашкан. Кен байлыктарынан эң маанилүүсү жез ж-а кобальт, о. эле цинк, кор­гошун, ванадий, кадмий, марганец, таш көмүр казылып алынат. Нымдуу аймактары кызыл латерит, кургакчыл жерлери күрөң-кызгылт, кызгылт-боз топурактуу. З-нын аймагынын 1/ бөлүгүн кургакчыл тропик токою – миомбо, кур­гакчыл аймактарын баобаб, акациялуу саван­на, көл жээктерин папирус бадалдары ээлейт. Миомбо ж-а саванналарды чөп жечү ири ай­банаттардан – африка пили, африка жанышы, керик (2 түрү), антилопа, зебра, жырткычтар­дан – арстан, кабылан, чөө, гиена мекендейт.

Калкынын

негизин банту тил тобундагы (бем­ба, тонга, лози, лунда, нгони, луба ж. б.) африка­лыктар (98,7%) түзөт, о. эле европалыктар да жашайт. Христиан (негизинен англистер), көбү салт болуп калган жерг. динди тутат. Орт. жыш­тыгы: 1 км2 жерге 15,3 киши. Калктын жашы­нын орт. узактыгы 40 жаш (эркектердики 39,8, аялдардыкы 40,3). Өспүрүмдөр (15 жашка чей­инкилер) 46,3%ти, эмгек курагындагылар (16–

65 жаштагылар) 51,3%ти, 65тен ашкандар 2,4%ти түзөт (2006). Шаар калкы 50%. Ири

Замбиянын борбору – Лусака шаары.

шаарлары: Лусака (калкынын саны 1,4 млн), Китве (416 миң), Ндола (402 миң), Кабве (193 миң), Чингола (148 миң). Экон. активдүү калк­тын 85%и а. ч-нда, 9%и тейлөө чөйрөсүндө, 6%и ө. ж-да эмгектенет.

Тарыхы

. Азыркы З. аймагында эл байырта­дан эле мекендешип, европалыктар келгенге че­йин эле бир катар уруулук бирикмелер болгон. Калкынын этностук курамы Замбези д-нын (өлкөнүн азыркы аты ушундан чыккан) жогор­ку агымында жашап ж-а көчүп келишкен аф­рикалыктардын таасири м-н калыптанган. 13- к-дын аяк ченинде аймакты португалиялыктар ээлеп алган, 19-к-дан англиялыктар аларды акы­рындык м-н сүрүп чыгара баштаган. 19-к-дын аяк ченинен 1924-ж. чейин англ. «Бритиш Саут Африка компани» монополиясынын бийлиги астында болгон. 1924–64-ж. Британиянын про­тектораты, 1953–63-ж. Родезия ж-а Ньясаленд колониялык федерациясынын курамына кир­ген. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жерг. калк колониялык башкарууга активдүү каршы­лык көрсөтө баштаган. Алгач боштондук кый­мылды Африка улуттук конгресс партиясы, 50- жылдардын аяк ченинен К. Куанда башында тур­ган Улуттук көз каранды эместик үчүн бирик­кен партиясы жетектеген. 1964-ж. 24-октябрда өлкө боштондукка чыгып, З. Республикасы жа­рыяланган. 1972-ж. башкаруунун бир партия­луу системасы киргизилген. 1973-ж. Конститу­циясы кабыл алынган. 1990-жылдан З-да бир партиялуу системадан көп партиялуу системага өтүү процесси баштал­ган. Ошол эле жылы 17-декабрдан конституция­га бир катар өзгөртүүлөр киргизилип, натый­жада оппозициялык маанайдагы бир нече пар­тия пайда болгон. Алардын ичинен 1991-ж. Көп партиялуу демократия үчүн кыймыл партиясы шайлоодо жеңип чыгып, аны жетектеген Ф. Ж. Т. Чилуба З. президенти болуп калат. 1996-ж. өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынган. 1996-ж. президенттик шайлоодо Ф. Ж. Т. Чилуба кайрадан жеңишке жетишкен. 1997-ж. 28-октябрдагы төңкөрүш ийгиликсиз аяктары м-н президент Чилуба өлкөдө өзгөчө абалды жарыялап, оппозиция лидери, экс-пре­зидент Каунда камакка алынат. Бирок, ал 1998-ж. дүйнөлүк коомчулуктун (негизинен аф­рикалык мамлекеттердин) кийлигишүүсү м-н бошотулуп, Жогорку сот тарабынан акталган. Ф. Ж. Т. Чилубанын мындай иш-аракеттери эл аралык коомчулук, ЭВФ ж-а Бүткүл дүйнө­лүк банк тарабынан айыпталып, көптөгөн жар­дам көрсөтүү программаларын каржылоону ток­тотушкан. 2001-ж. өлкөнүн президенти болуп Л. П. Мва­наваса (1948-ж. т.) шайланган. Ал өлкөдөгү та­таал кырдаалды бир кыйла турукташтырып, өкмөттүн курамына оппозициядагы партиялар­дын мүчөлөрүн да киргизген. 2006-ж. өткөн шайлоодо кайрадан президент болгон.

Экономикасы

начар өнүккөн өлкө. ИДПнин

көлөмү 11,5 млрд долларды (АКШ, 2006) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллар­дан туура келет. Андагы а. ч-нын үлүшү 19,9%, ө. ж-ныкы 28,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 51,2%. Негизги экспорттук продукциясы – жез; аны казып алуу б-ча дүйнөдө 4-орунда (2006-ж. 600

миң т). Жылына 450 миң тдан ашык жез экс­порттолот. З. кобальт казып алуу б-ча дүйнөдө 2-орунду ээлейт; ал жез-кобальт кенташынан ажыратып алынат (жылына 7,8 миң т). О. эле пирит, никель, таш көмүр, аметист, турмалин, аквамарин, изумруд, алмаз ж. б. казылып алы­нат. Электр энергиясына болгон муктажды­гын өз ресурстары м-н толук камсыз кылат. 2004-ж. 9,96 млрд кВт.саат электр энергиясын (негизинен ГЭСтен) өндүргөн. Металлургия (жез­ди эритүү ж-а тазалоо), жеңил, тамак-аш, то­кой, нефть ажыратуу, хим. ө. ж. ишканалары, цемент з-ду иштейт. Автомобиль кураштыруу з-ддору бар; трактор, велосипед чыгарат. А. ч. анча өнүккөн эмес, азык-түлүктү негизинен сырт­тан сатып алат. Аймагынын 7,1%и иштетилет. Жүгөрү, бал камыш, урук үчүн гозо, тамеки, жер жаңгак, буудай, шалы, буурчак, маниок, ак жүгөрү (сорго), күн карама өстүрүлөт. Бакчы­лык өнүккөн. Бодо мал асыралат.
Т. ж-нун жалпы уз. 2173 км. Негизги т. ж-до­ру: Ндола – Кабве – Лусака – Ливингстон, ан­дан ары Зимбабвеге; Ндола – Капири-Мпоши – Мпика – Наконде, андан ары Танзанияга. Ав­томобиль жолунуку 91,4 миң км, а. и. асфальт­талганы 20,1 миң км. Лусака, Ливингстон, Ндо­ла, Мориве ш-нда эл аралык аэропорттор бар. Суу жолунун уз. 2250 км (Танганьика кө­лүн, Замбези, Луапулу д-н кошкондо); негизги

Жез кенташын ка­зып алуу. Коппер­белт провинциясы.


Замбия акчасы.

порту: Мпулунгу (Танганьиканын түш. жээгин­де). Нефть куурунун уз. 771 км (Дар-эс-Салам, Танзания – Ндола, жалпы уз. 1700 км; 2006). Сыртка жез, кобальт, электр энергия чыгарып, сырттан станок, машина ж-а анын тетиктерин, транспорт каражаттарын, жер семирткич, азык­түлүк, кийим, ө. ж. товарларын, химикат, азык­түлүк, мал (тирүүлөй) алат. Негизги соода ше­риктери: Кытай, ТАР, Япония, Улуу Британия, Германия, Түш.-Чыгыш Азия ж-а Ортоңку Чыгыш өлкөлөрү, Швейцария, Конго Демокр.
Респ., Танзания, Зимбабве, Индия.
Өсүмдүк, жаныбарлар дүйнөсү, Виктория шар­кыратмасы, климатынын салыштырмалуу ың­гайлуулугу туристтерди кызыктырат, бирок финансынын тартыштыгынан бул тармак өнүк­көн эмес.

Маданияты

З-да калктын 70%и сабаттуу. 1990-жылдан акы төлөп билим алуу киргизил­ген (башталгыч билим берүүдөн тышкары). Мамл. ж-а жеке мектептер, окуу жайлары аб­дан көп, бирок алар окуу куралдары ж-а кара­жаттары м-н толук жабдылган эмес. Борбор ка­лаа Лусакада Түш. Африкадагы эң ири окуу жай­ларынын бири – З. ун-ти (Китва-Нкан ш-ндагы филиалы м-н) жайгашкан. Лусакада, Ндолада китепканалар, Ливингстондо Улуттук музей бар. 1964-жылдан «Таймс оф Замбия», «Замбия мейл», «Пост» гезиттери англис тилинде, о. эле жерг. бемба, тонга ж-а лози тилдеринде да бир нече гезиттер чыгат. Мамл. телекөрсөтүү (1961- жылдан) ж-а радиоуктуруу (1939-жылдан) иш­тейт. Өкмөттүк З. Кабар агенттиги (ЗАНА) иш жүргүзөт.
Көркөм өнөрү б. з. ч. 4-миң жылдыкта аскага чегилген сүрөттөрдөн ж-а петроглифтерден баш­талат. Көбүнчө чөптөн эшилген шоңшогой ча­тырчалуу, камыш түркүктүү тегерек кепелерде турушкан. Жыгачты оюу-чийүү, карапа идиш­терди кооздоо, пальма жалбырактарынан, трост­никтерден буюм өрүү, токуу кеңири тараган. 20-к-дын башынан З-нын шаарларында (Луса­ка, Ливингстон, Ндола ж. б.) кабаттуу үйлөр курула баштаган.
З-нын музыкасы – байыртадан эле элдин тур­муш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү. Уруу ак­сакалдарынын менчик музыканттары, оркест­ри, хору ж-а бийчилери болгон. Калимба (пиа­нино), анын түрлөрү, кылдуу аспаптар ж. б. таралган. 1939-ж. калале бийчилеринин 1-ан­самбли уюшулган. 50-жылдары бул бий ансам­бли бүткүл Африкага таанылган.
Азаттыкка чыккандан кийин африка театр жамааты түзүлүп, Гидеон Лумпа, Кеннет Нкха­та сыяктуу улуттук драматург-режиссёрлор өсүп чыккан. 1964-ж. көркөм өнөр трести түзүлгөн.
Ар жылы борбор калаада драма өнөрүнүн фес­тивалы өткөрүлүп турат.


Ад.: Чуваева М. А., Ксенофонтова Н. А. Замбия: Справочник. М., 1996; Страны мира. Справочник / Под. общ. ред. С. В. Лаврова. М., 2006; Замбия // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2009.