ЗАПАШНЫЙЛАР
ЗАПАШНЫЙЛАР – орус цирк артисттеринин үй-бүлөсү. М и х а и л С е р г е е в и ч Запашный (24.6.1900, Ейск –9.9.1982, Ленинград), аялы – Л и д и я К а р л о в н а Запашная (1.1.1905–8.8.1960, Москва), балдары – С е рг е й М и х а й л о в и ч Запашный (13.2.1926, Ленинград –21.10.1980, Владивосток), В а л ьт е р М и х а й л о в и ч Запашный (2.4.1928, чыккан. Балдары Э л е н (1.5.1963-ж. т.), РФтин эмг. сиң. арт. (1994); М с т и с л а в – к ич ү ү с ү (15.6.1967-ж. т.), РФтин эл арт. (2003), 1992-ж. «Пил жана жолборстор» аттракционунда атасынын ордуна чыккан, 2001-ж. «21-кылымдын салтанаты» аттракционун койгон. З-дын үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрү – дрессировщик, жонглёр ж-а ат оюнчулары. Бала кездеринен эле циркте акробатика ж-а гимнастика жанрында иштешкен. Ат, жолборс, илбирс, сүлөөсүн, арстан, пилдерди үйрөтүшкөн. З-дын белгилүү номери – «Акробат-вольтижёрлор – бир тууган Запашныйлар». Аткаруучулары Москвада өткөн Жаштардын ж-а студенттердин бүткүл союздук 6-фестивалынын лауреаттары (1957). Анна Михайловна ж-а Мстислав Михайлович З. 1959-жылдан «Аба гимнасттары» номеринде үйрөтүлгөн аттардын үстүндө абада гимнастика көнүгүүлөрүн көрсөтүшкөн. З. «Акробат-вольтижёрлор ат үстүндө» номери м-н (Анна, Валерий, Мстислав, Нонна, Сергей З.) ат циркине салым кошкон. 1976-жылдан Мстислав Запашный пил үйрөтүүчү катары чыккан. Вальтер Михайлович Запашный – акробат, гимнаст ж-а штангист. 1958-жылдан айбандарды үйрөтүүчү, Цирк өнөрүнүн жаңы чыгармаларынын Бүткүл союздук кароосунун лауреаты (1964). З. Россиянын көптөгөн шаарларында, о. эле Кытай, Болгария, Германия, Швеция, Япония ж. б. мамлекеттерде гастролдо болушкан.

Ленинград –27.8.2007, Москва), РСФСР эл арт., (1988), А н н а М и х а й л о в н а Запашная (8.8.1931-ж. т., Ленинград), М с т и с л а в (Мечислав) М и х а й л о в и ч Запашный (16.5.1938- ж. т., Ленинград), – СССР эл. арт. (1990); С е рг е й М и х а й л о в и ч Запашныйдын балдары – В а л е р и й С е р г е е в и ч Запашный (10.1.1951-ж. т.), Н о н н а С е р г е е в н а Запашная (1.1.1947-ж. т.); Вальтер Михайлович Запашныйдын аялы – Т а т ь я н а В а с и л ье в н а Запашная (2.9.1956, Калинин), балдары – Э д г а р д Запашный (11.7.1976-ж. т., Ялта) – РФтин эмг. сиң. арт. (1999), А ск о л ь д Запашный (27.9.1977-ж. т., Харьков) – РФтин эмг. сиң. арт., (1999), «Ат үстүндөгү жонглёрлор» (1990), «Маймыл үйрөтүүчүлөр» (1993), «Жырткычтар арасында» (жолборс, арстан, илбирс, сүлөөсүн; 1997) номерлери м-н чыгышкан. Мстислав Михайлович Запашныйдын 1-аялы – Д о л о р е с П а в л о в н а Запашная (24.3.1941- ж. т., Благовещенск) – 1990-ж. чейин М. М. Запашныйдын аялы ж-а өнөгү. 1990-жылдан өзүнчө «Иллюзиялык миниатюралар» номери м-н
Н. Жылдызова.