ЗАПОРОЖЬЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАПОРО́ЖЬЕ (1921-ж. чейин Александровск) – Украинадагы шаар (1806-жылдан). Запорожье обл-нун адм. борбору. Днепр д-ндагы порт. Калкы 787,3 миң (2007); шаар аймагы м-н 1,1 млн) Т. ж. тоому. Эл аралык аэропорту бар. Кара («Запорожсталь» комбинаты, «Днепрспецсталь» з-ду ж. б.) ж-а түстүү (титан-магний комбинаты, алюминий з-ду) металлургия, машина куруу (электр-тех. ө. ж., «АвтоЗАЗ», «Моторостроитель» өндүрүш бирикмеси ж. б.), хим., коксхим., жеңил, тамак-аш – татымал ө. ж., Днепр ГЭСи иштейт. Төрт ЖОЖ (а. и. ун-т), 3 театр, край таануу ж-а сүрөт музейлери бар. 1770-ж. негизделген.