ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРАУТ-САЙ СҮРӨТТӨРҮ – Өзбекстандагы Зараут-Сай д-нын оң жээгиндеги коңулда аска бооруна минерал боёк м-н тартылган байыркы сүрөттөр. 1940–45-ж. археолог Г. В. Парфёнов изилдеген. З.-C. с-нүн эң байыркысы орто таш дооруна (мезеолит) таандык. З.-С. с-ндө байыркы

адамдардын жапайы жаныбарларга (бука, теке) аңчылык кылуу учуру чагылдырган. З.-С. с. алгачкы коомдун адамдарынын чарбалык турмушу, диний ишенимдери ж-а иск-восунан кабар берет. З.-С с. Кырг-ндагы Ак-Чуңкур үңкүрүндө табылган таш доорунун сүрөттөрүнө убакыт жагынан мезгилдеш келет.
Ад.: Рогинская А. Зараут-Сай. М.; Л., 1950; Формозова А. А. Очерки по первобытному искусству. М., 1969.