ЗАРНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРНА – кызыл өңгөчтө, айрыкча анын төмөнкү бөлүгүндө кыжылдоо сезими. Карындын ар кандай ооруларында, холециститте, боор эт чуркусунда, кош бойлуулукта, кээ бир тамак жакпаганда, карындан кычкыл суюктуктун кызыл өңгөчкө өтүп кетишинен болот. О. эле кызыл өңгөчтүн сезгичтиги, карындын бузулушу ж. б. түрткү берет. З. көбүнчө карын маңызынын кычкылы көбөйгөндө, кээде төмөндөп же анда туз к-тасы такыр жок учурда байкалат. Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзүлөт. З-ны басаңдатуу максатында ар кандай каражаттарды башаламан колдонуу зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан аларды врачтын сунушу м-н гана кабыл алып, өткүр, куурулган тамакты ичпөө керек.