ЗАРЬЯН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗАРЬЯ́Н Наири [чын аты-жөнү – Айастан Егиазарьян; 31. 12. 1900 (13. 1. 1901), Түркия, Ван вилайети, Хараконис кыш. – 12. 7. 1969, Ереван] – армян жазуучусу. 1915-ж. Арменияга келген. 1927-ж. Ереван ун-тин бүткөн. «Рушан аскасы» поэмасы (1930),«Ацаван» романы (1937– 47), «Асыл Ара» тарыхый трагедиясы (1946), «Петрос мырза жана анын министрлери» романы (1958), эпос мотивинде жазылган «Давид Сасунский» поэмасы (1968) бар. 1950-жылдардагы «Майрамдык маанайдагы ойлор», «Назым Хикметке» ж. б. чыгармаларында тынчтык темасына кайрылган. Ленин, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.