ЗАРЯДДАГЫЧ ТҮЗҮЛҮШ
ЗАРЯДДАГЫЧ ТҮЗҮЛҮШ – 1) аккумулятор ж-а конденсатор батареяларын заряддоочу электр-тех. түзүлүш. Ал заряддоочу генератордон же ток түзөтүүчү трансформатордон ж-а чыңалууну жөндөгүч м-н автоматтык ажыраткычтан турат. Анын кубаттуулугу заряддалуучу батареялардын сыйымдуулугу ж-а заряддоонун белгиленген убактысы м-н аныкталат. З. т. аккумулятордук, конденсатордук ж-а түзөткүчтүк болуп бөлүнөт. Акуммулятор батареяларын заряддоо үчүн аккумулятордук, конденсаторлорду конденсатордук, ал эми аз кубаттуу чакан аккумулятордук батареяларды заряддоо үчүн түзөткүчтүү З. т. колдонулат; 2) жардыруу жумуштарын аткаруу учурунда дүрмөт жайгаштырыла турган орунду жарылгыч заттар м-н толтуруучу механизм же машина. З. т. эки топко – патронго салынган, нитроэфири же гексогени жок жарылгыч заттарды ж-а гранулданган жарылгыч заттарды дүрмөттөөчү болуп бөлүнөт.