ЗАРЯДДЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ
ЗАРЯДДЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ – туюк системанын бардык бөлүктөрүндө заряддардын алг. суммасы өзгөрбөйт деген жаратылыш закондорунун бири: q1+q2+q3+...+qn=const. Закон 18- к-да белгилүү болуп, англ. физик М. Фарадей тарабынан тажрыйба жүзүндө далилденген. Жаратылыштагы бардык зат атомдордон, атом электрон, протон ж-а нейтрондордон тургандыктан, нерсенин электр заряды алардын элементардык электр заряддарынын суммасынан турат. Ал элементардык заряд болуп эсептелген электрон зарядынан бир нече (бүтүн санга) эсе чоң болот: q=N· e. Нерсени электрлөө процесси – бул сүрүлүүнүн же нерсе м-н тийишүүнүн натыйжасында нерсенин белгилүү бир сандагы электрондорун кошуп алышы же өзүнөн бериши. Электронду кошуп алса нерсе терс, берсе оң заряддалат. Мындай туюк системада З. с. з. аткарылат. Микроскопиялык нерсе электрленген мезгилде заряддалган бөлүкчөлөрдүн саны өзгөрбөйт, алар мейкиндикте гана бөлүштүрүлөт. Заряддалган бөлүкчөлөр бир нерседен экинчи нерсеге өтөт. Элементардык бөлүкчөлөр физикасында бөлүкчөлөр бири бирине айланат ж-а бөлүкчөлөрдүн саны сакталбайт, ал эми З. с. з. так аткарылат. Ал энергиянын сакталуу закону м-н бирге электрондун турактуулугун түшүндүрөт.