ЗАСТАВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАСТА́ВА а с к е р д и к – 1) жүрүштө бараткан­да ж-а бир жерге жайгашканда аскерлерди душ­мандан кайтаруучу жоокерлер тобу. Жүрүштө кайтаруучу З. алдыңкы, каптал жаккы, оорук­тагы, токтогон жерде кайтаруучу З. күзөт ж-а өзүнчө күзөт З. деп бөлүнөт. З. душмандын ка­пысынан кол салуусунун алдын алуу, анын чал­гынчысынын кирип кетишине жол бербөө, ас­керлердин жайгашуусу ж-а согушка кирүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү ж. б. милдеттерди аткарат; 2) чек ара З-сы – мамл. чек аранын белгилүү бир участкасын кайтаруучу штаттуу аскер бөлүкчөсү.