ЗАТ
ЗАТ – материянын физ. ж-а хим. касиеттерге ж-а тынч абалда массага ээ түрү. З. тынч абалда массасы нөлгө барабар эмес элементардык бөлүкчөлөрдөн (электрон, протон, нейтрон ж. б.) турат. «Материя» философияда, ал эми «зат» физ. ж-а хим. маанилерде каралат. З. бөлүкчөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү электр-магниттик, гравитациялык ж. б. талааларда ишке ашат. Ал ар кандай татаал объектилер: электрон, протон ж-а нейтрон, о. эле ар кандай өлчөмдөгү макроскопиялык телолор, геол. система, планета, жылдыз, галактикалар ж. б. түрүндө болот. Азыркы физикада элементардык бөлүкчөлөр фундаменталдык бөлүкчөлөрдөн – кварк-
тардын ж-а лептондордон түзүлгөн деп кабыл алынган. Жаратылыштагы З-тар агрегаттык абалы б-ча катуу, суюк, газ ж-а плазма түрүндө болуп төрткө бөлүнөт. З. бөлүкчөлөрдөн (бирдей типтеги атом же молекуланын) турат. Аларды аралаштырганда гомогендүү (мис., эритмелер) же гетерогендүү (мис., дисперстүү система) аралашма пайда болот. З. жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнөт. Жөнөкөй З. бир эле хим. элементтин атомунан, ал эми татаал З-тар хим. бирикмелер деп аталып, бир нече хим. элементтин атомдорунан турат. Айрым З-тардын мүнөздөмөсү алардын хим. түзүлүшүнө, агрегаттык абалына, тыгыздыгы, илешкектиги, электрфиз., оптикалык ж. б. касиеттерине байланыштуу. Бул касиеттер сырткы физ. шартка жараша өзгөрүп турат. З-тын хим. касиеттерин анын түзүлүшүнө, агрегаттык абалына жараша белгилүү чөйрөдө хим. реакцияга катышуу жөндөмүнүн химияда мааниси чоң. З-тын саны өтө көп ж-а саны табияттан жаңы ачылган, синтезделип алынган жасалма З-тардын эсебинен дайыма өсөт, к. Материя.