ЗАТАЕВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗАТАЕ́ВИЧ Александр Викторович [8 (20). 3. 1869‚ Орёл губерниясы, Болхов – 6. 12. 1936‚ Москва] – орус музыка изилдөөчүсү‚ музыкант­этнограф ж-а композитор. Казак ССР эл арт. (1923). Муз. билимди Орёл ш-ндагы аскер гим­назиясынан алган (1886). 1904–15-ж. Варшавада иште п‚ ору с ж-а б ат ыш

классиктеринин чыгармала­ры‚ элдик музыка ж-дө ма­калаларды жазган. Чыг­лык жолу казак элинин муз. мад-ты м-н тыгыз бай­ланыштуу. Ал 2300дөн ашуун казак эл ырларын‚ күүлөрүн нотага түшүрүп, Оренбургдан «1000 песен киргизского (казахского)


народа» аттуу жыйнак чыгарган (1925). Ага 1924-ж. жазылып алынган кыргыздын 8 ыры («Cекетбай»‚ «Күңөтай»‚ «Ашыктык»‚ «Арман­дуу дүйнө» ж. б.) кирген. З. 1928-ж. Кыргыз АСCР эл агартуу комиссариатынын чакыруусу б-ча Фрунзеге келип‚ Муратаалы‚ Токтогул‚ Карамолдо‚ Жолой‚ А. Малдыбаев ж. б-дан обон­күүлөрдү жаздырып алып‚ «Кыргыздын 250 күүсү жана обону» деген ат м-н 1934-ж. Москвадан китеп чыгарган. 1936-ж. З. Кырг-нга экинчи жолу келип‚ Атай‚ Муса‚ Калык‚ Cаид‚ Молдо­басан‚ Ыбырай‚ Шаршенден 170 ыр-күү жазып алган‚ А. Малдыбаевдин «Кызыл жоолукчан»‚ «Күн бүгүн»‚ «Тилек» ж. б. 10 ырын фортепья­но үчүн иштеп чыккан. 1971-ж. З-тин «Кыргыз­дын аспаптык күүлөрү жана обондору» де­ген жыйнагы (түзгөн ж-а редактору В. C. Ви­ноградов) жарык көргөн. З. татар‚ уйгур‚ дун­ган ж. б. элдердин муз. чыгармаларын да жый­нап‚ нотага түшүргөн. Ал казак‚ кыргыз музы­касынын теор. ж-а тарыхый маселелеринин че­чилишине зор үлүш кошуп‚ профессионал му­зыкасынын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзгөн. Анын эмгектерин айрым орус композиторлору да пай­даланышкан.


Чыг.: Киргизские инструментальные пьесы и напе­вы / Сост. В. С. Виноградов. М., 1971. Б. Алагушов.