ЗАТ АЛМАШУУ
ЗАТ АЛМАШУУ , м е т а б о л и з м – организмдеги бардык биохим. процесстердин жыйындысы. Ал организмдин өсүп-өөрчүшүн, өзүн-өзү сактоосун ж-а жаңырышын камсыз кылат. З. а. бир мезгилде жүрүүчү өз ара байланыштуу 2 процесстен – ассимиляция ж-а диссимиляция (анаболизм ж-а катаболизм) м-н ишке ашат. Организм айлана-чөйрөдөн түрдүү заттарды сиңирип, аларды өзгөртүп, өзүнө керек затка айлантат (анаболизм). Ошол эле мезгилде ассимиляцияга тескери катаболизм процесси жүрүп, организм клеткаларындагы заттар ажырап, анын орду жаңы хим. заттар м-н толукталат. З. а-да витаминдер, ауксин, ферменттер, гормондор, фотосинтез, гумордук факторлор чоң роль ойнойт. Жагымсыз шарттар З. а-нун бир калыпта жүрүшүнө тоскоол болуп, организмди жарым-жартылай же толук өлүмгө учуратат. Организмдеги З. а. процесстери бири-бири м-н
өз ара байланыштуу. Мал организминде курчап турган чөйрөдөн тоют м-н белок, углевод, май, витамин, минерал туздарды, суу, кычкылтекти кабыл алып, акыркы продуктуларды – көмүр к-тасын, суу, аммиак ж-а мочевинаны бөлүп чыгарат. Мында ассимиляция ж-а диссимиляция процесстеринин бири бирине катышы организмдин жашына, физиол. абалына ж-а
өөрчүү стадиясына жараша болот. Организм
сырткы чөйрөдөн кабыл алган затка жараша З. а. белок, май, углевод, суу ж-а минералдык алмашуу болуп бөлүнөт. Белок алмашуу – малдын организмине тоют м-н келген белоктор ичеги-карында ферменттер ж-а ичеги-карын зилинин (пепсин, трипсин) таасиринен пептид ж-а амин к-тасына ажырайт. Ажыраган заттар канга сиңип, ткандарга тарайт, белокту синтездейт.
З. а-нун акыркы продуктулары – амин к-тасы, аммиак, көмүр кычкыл газ ж-а сууга ажырап, сыртка бөлүнүп чыгат. Май алмашуу – малдын организмине келип түшкөн, ткандардагы май, о. эле май сымал заттардын хим. айланышы. Майлар (липиддер) негизинен малдын ичегисинде ферменттердин (липаза, лецитиназа, коламин – фосфотаза, глицерофосфотаза) катышуусу м-н моноглицерид, глицерин, холестеринге ажырайт да, ичегиге сиңет. Углевод алмашуу – организмдеги негизги энергия булагы. Углеводду (целлюлоза, гемилцеллюлоза) организм негизинен тамак-аштан алат. Татаал углеводдор тамак сиңирүү жолдорунда амилаза, мальтоза, сахароза ферменттеринин таасиринен моносахариддерге (глюкоза, фруктоза, галактоза) ажырайт. Суу ж-а минералдык заттардын алмашуусунун мааниси чоң. Суу организмдеги бардык биохим. процесстерге катышып, организмде белок, углевод ж-а майдын кычкылданышынын акыркы продуктусу катары тынымсыз пайда болуп турат. Ал канга сиңип, бүт орган, ткандарга тарайт. Суу негизинен териде ж-а булчуңдарда көп болот. Суунун жок болушу физиол. процесстин бузулушуна ж-а өлүмгө дуушар кылат. Ал эми өсүмдүктөгү З. а. башка организмдин энергия (кубат) булагы катары жарык энергиясын пайдаланып, фотосинтез процессинде түрдүү орг. бирикмелерди хим. энергияга айландырышы м-н айырмаланат. Өсүмдүк сиңирген заттар татаал өзгөрүүлөргө учурап, энергия м-н толукталат ж-а орг. бирикмелерге – белок, углевод, майларга айланат. Жашыл өсүмдүктөр фотосинтез процессинде көмүр кычкыл газына (СО2) ассимиляцияланып, углеводдорду пайда
кылат. Өсүмдүктөгү З. а. процессин изилдөөнүн
жыйынтыгы селекциялык иште, агротех. ыкмалардын комплексин иштеп чыгууда кеңири колдонулат.
Ад.: Мак-Мюррей У. Обмен веществ у человека
/ Пер. с англ. М., 1980.
А. Т. Акматова, И. К. Нуржанов, Т. С. Исмаилова.