ЗАЯ-ПАНДИТА
ЗА́Я-ПАНДИ́ТА (өз аты – Намхайчжамц; 1599, Батыш Моңголия – сентябрь, 1662) – белгилүү саясий ж-а диний ишмер, ойчул. Ата-бабалары хошут уруусуна (ойрот) тийиштүү ак сөөктөрдөн болушкан. 17 жашында ламаизмди кабыл алып, Тибетке келип буддизм м-н кеңири таанышкан. Аны эл арасына жайылтуу үчүн 1639-ж. Чыгыш Моңголияга кайтып келген. Агартуучулук иштерди жүргүзүп, 200дөн ашык чыгарманы моңгол тилине которгон. 1640-жылдагы ойроттордун курултайынын (к. Жуңгар хандыгы) катышуучусу. 1648-ж. эски моңгол жазуусун реформалап, оозеки сүйлөмгө жакындаган ойрот жазуусун түзгөн («todo bicig», – «ачык жазуу»). Шал оорусуна чалдыгып, Тибетке бара жатып каза болгон. Анын шакирти Сакбон Раднабатора тарабынан З.-П-нын өмүр баянына арналган «Раб-Жам Зая-Пандитанын ай жарык тарыхы» аттуу эмгек жаралган (1690). Анда калмактардын кыргыздар, казактар о. эле Чыгыш Түркстандагы, б. а. Борб. Азиядагы элдер м-н ич ара алакалары тууралуу маалыматтар бар. Анын ичинен кыргыз-ойрот (калмак) мамилеси же 1652-ж. кышында калмактын Чечен (Цецен) ханы кыргыздарды (буруттар) багындырганы ж-а анын уулу 17 жаштагы Галдама жекеме-жекеге чыгып, казак султаны Жааңгерди өлтүргөнү да айтылат.
Ад.: Голстунский К. Ф., Монголо-ойратские законы 1640 г. СПб, 1880.
Т. Асанов.