ЗЕВС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕВС, Д и й (инди-европа тилинде «ачык ас­ман») – байыркы грек мифологиясы боюнча баш­чы кудай, кудайлар менен адамдардын атасы. Кронос титан менен Рея кудайдын уулу, Посей­дон жана Плутондун иниси, Геранын күйөөсү. Бийликти тартып алат деп корккондуктан, Кронос балдарын төрөлөрү менен эле жутуп койчу. Зевс төрөлгөндө энеси Рея Кроносту алдап,Зевсти Крит аралындагы Дикта тоосуна жашырып коёт. Экинчи варианты боюнча Зевс Дикта тоосундагы үң­күрдө төрөлүп, энеси Рея куреттер менен корибант­тарга тарбиялоого берет. Алар аны Амалфея эч­кинин сүтү менен багып чоңойтушат. Зевс10 жылга жакын атасы Кронос жана башка титандар менен согу­шуп, бийликти атасынан тартып алып, өз жар­лыгын бүт ааламга орнотуп, Олимп тоосун ме­кендеген, Зевс асманда, агалары Посейдон де­ңизде, Аид тиги дүйнөдө бийлик жүргүзүшкөн. Зевстин табиятта таянган куралы чагылган, ат­рибуттары эгида, скипетр, кээде бүркүт болгон. Айрым учурларда Зевс жеңиш кудайы Никаны кармап да сүрөттөлөт. Грек мифологиясындагы Аполлон, Артемида, Арея, Афина,

Афродита, Гермес, Гефест, Геба, Дионис, Ирида, Персефо­на өңдүү кудайлар, Геракл, Персей сыяктуу баа­тырлар да Зевстен тараган имиш. Зевс жөнүндөгү миф­тердин айрым эпизоддору «Иллиада» менен «Одис­сеяда», Гесиоддун «Теогониясында», Аполлодор­дун «Мифологиялык китепканасында» кездешет. Рим мифологиясында Зевске Юпитер туура келет. Биздин заманга чейинки 470–456-жылдар аралыгында Олим­пияда архитектор Либон Зевстин храмын тургуз­ган. Храм – колонналарынын бийиктиги 10, 51 м болгон стилобаттуу перипетр. Биздин заманга чейинки 438-жылы скульптор Фидий храмга Зевстин 12 метрлик ста­туясын тургузган. Биздин замандын 426-жылы император Фео­досий II Олимпиядагы бутпарас чиркөөлөрүн буз­дура баштап, VI кылымда алар жер титирөөдөн кый­роого учураган. 1875-жылдан Зевстин храмынын урандылары изилденүүдө.

Олимпиядагы Зевстин храмы.