ЗЕГЕРС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕ́ГЕРС Анна (чын аты-жө­нү – Нетти Радвани; 19. 11. 1900, Германия, Майнц – 6. 1983, Берлин) – немис жазуучусу.

Гейдельберг ун­тин бүтүргөн (1924). Анын «Балыкчылардын көтөрү­лүшү» аттуу алгачкы повес­ти 1928-ж. жарык көргөн. Фашисттик диктатуранын учурунда З. эмиграцияда болгон (1933–47). Бул мезгилде «Сапарлаштар» (1932), «Азаттык» (1937), «Жетинчи крест», «Транзит» (1942) романдарын жазган. 1947-ж. өз өлкөсүнө келип, ГДРде жаңы турмушту ку­рууга активдүү катышкан. «Тынчтык» (1951) аттуу жаңы новеллалар циклин, «Чечим» (1959) ж-а «Ишеним» (1968) аттуу роман-эпопеяла­рын жараткан. З. – Тынчтыктын бүткүл дүй­нөлүк советинин мүчөсү болгон. «Элдердин ор­тосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл ара­лык Лениндик сыйл. (1951) ж-а ГДРдин улут­тук сыйл. (1951, 1959, 1971) алган. Эмгек Кы­зыл Туу ж-а Эл Достугу ордендери м-н сый­ланган.