ЗЕЕБЕК ЭФФЕКТИСИ
ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ – удаалаш туташтырылган, тийишкен жеринде темп-ралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк электр чынжырында электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. 1821-ж. немис окумуштуусу Т. И. Зеебек ачкан. Өткөр гүчтөрдүн тийишкен жерлери ар кандай темп-рада болгондо, алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка болгондуктан, электр тогу пайда болот. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулук булагы, б. а. эки тиймек (тийишүүчү аянт) пайдаланылат. З. э-не ылайык термоэлемент же термопараны колдонуп, темп-раны өлчөөгө болот. Термопара термометрге караганда өтө сезгич болгондуктан, темп-ра чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. З. э. электр тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүчтөн жасалган термоэлектр генератору Күн энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландырат.