ЗЕЕМАН ЭФФЕКТИСИ
ЗЕ́ЕМАН ЭФФЕКТИСИ – магнит талаасында атомдун же атом системасынын энергиялык деңгээлинин ж-а спектр сызыгынын ажыроо кубулушу. Голл. физик П. Зееман ачкан (1896). Ал магнит талаасында натрий буусунун нурланышын изилдөөдө байкаган. Сырткы магнит талаасынын таасиринен магнит моментине ээ атом системасы кошумча энергия алат, демек анын энергия деңгээлдери ж-а спектр сызыктары жөнөкөй (майда) сызыктарга ажырайт. З. э. н о р м а л д у у (жөнөкөй) ж-а а н ом а л д у у (татаал) болуп бөлүнөт. Нормалдуу З. э-нде спектр сызыгы магнит талаасына перпендикуляр багытта үч бөлүккө, ал эми талаанын багыты б-ча экиге бөлүнөт. Аномалдуу эффектиде бөлүнгөн сызыктардын саны үчтөн көп ж-а сызыктар башкача жылышат. З. э. квант системасынын (мис., атомдун) мех. моменти м-н байланышкан ж-а мейкиндикте белгилүү бир тарапка гана багытталуучу магнит моментинин болушу м-н шартталат. З. э-н изилдөө атомдун ж-а атом системасынын жука структурасын аныктоодо чоң роль ойнойт. Магнит талаасын өлчөөдө квант магнетометри колдонулат.