ЗЕЙНЕП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕЙНЕП Коркмаз (15. 5. 1922-ж. т., Түркия, Невшехир) – түрк тилчиси, филология илимд. доктору (1950), проф. (1964). Измирдеги кыздар лицейин (1940), Анкара ун-тин бүтүргөн (1944). 1945-жылдан ушул эле ун-тте ил. ассистент, түрк тилдери б-ча ассистент (1948) болуп иште­ген. 1954–55-ж. эски түрк тилдери б-ча адис ка­тары Гамбург ун-тине жиберилген. 1965–66-ж. Англия, Германияда (Мюнхен, Марбург, Бер­лин, Гамбург) ил.-из. иштерин жүргүзгөн. Ан­кара ун-тинин ректору (1981–83), Гази ун-тин­де эмгектенген (1991). Түрк тилдери б-ча 16 ки­теп, 250гө жакын ил. макала жарыялаган. Ай­рымдары Германия, Австрия, Россия, Венгрия­да жарык көрүп, өкмөттүк ил. сыйлыктарга (35ке жакын) ээ болгон.


Эмг: Gramer Terimleri Sцzlьgь. Ankara, 1992; Tьrk Dili Ьzerine Arastэrmalar. I-II-III, Ankara (1995, 1997, 2007); Tьrkiye Tьrkзesi Grameri (Юekil Bilgisi). Ankara, 2007.


Ч. Жумагулов.