ЗЕЛИНСКИЙ
ЗЕЛИ́НСКИЙ Николай Дмитревич [25. 1(6. 2). 1861, Тирасполь – 31. 7. 1953, Москва] – химик-органик, СССР ИАнын академиги (1929), Москва ун-тинин проф. (1893). Соц. Эмг. Баатыры (1945). Орг. катализ ж-дөгү окууга негиз салуучулардын бири, Новороссийск ун-тин (Одесса) бүтүргөн (1884). З-дин эки негиздүү орг. к-талардын стереохимиясы, углеводороддордун химиясы, орг. катализ ж. б. ж-дөгү ил. иштери кеңири белгилүү.

Ал циклопентан ж-а циклогександы 1-жолу синтездеген. Циклогександы ж-а анын бирикмелерин катализатордун катышуусунда дегидрогендөө ж-а нефтини крекингдөөдө кычкыл катализаторлорду колдонуу м-н ароматтуу углеводороддорду алган. 1918–19-ж. соляр майы ж-а нефтини хлордуу ж-а бромдуу алюминийдин катышуусунда крекингдөөдөн бензин алуу методун иштеп чыккан. З. ж-а анын окуучулары парафиндерди ж-а олефиндерди кычкыл катализатордун жардамы м-н дегидрогендөө реакциясын изилдешкен. З-дин адсорбция ж-а противогазды түзүү (1915) б-ча иштери жалпыга белгилүү. Ал химик илимпоздордун чоң мектебин түзгөн. Д. И. Менделеев атн. Бүткүл союздук хим. коомдун ардактуу мүчөсү (1941). Ленин атн. сыйл. (1934), СССР мамл. сыйл. (1942, 1946, 1948) лауреаты. Төрт Ленин, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Избранные труды. М., 1968.