ЗЕМАРХ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕМА́РХ К и л и к и я л ы к – Византия импе­ратору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–69). Адегенде Маниах башында турган түрк каганынын элчилери 568-ж. Визан­тияга келген (мүмкүн ичинде Тянь-Шанда ту­рушкан согдиялыктар болушкан деген пикир бар). Түрктөр кайтканда алар м-н кошо З. ба­шында турган элчилер Кавказды, Каспий деңи­зин айланып өтүп, Сыр-Дарыяда турган Исте­ми кагандын (Менандр б-ча Дизавул) кабыл алуусунда болушкан. Элчилердин максаты түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алар­дын максаты орундалып, З-тан кийин түрк каганына келишкен перс элчилерин Истеми ка­был алган эмес ж-а өзү перстерге каршы жор­туулга чыкканда З. кошо барган. Ушул жү­рүшкө байланыштуу «Талас өлкөсү (hora)» ж-дө кабар бар. Ал Таласты эскерген эң алгач­кы маалыматтардын бири болушу мүмкүн. Ка­ган З-ка ырайымдуулук көргөзүп; «колго түшкөн күң тартуулаган: ал кыз херхирлерге» (кыр­гыздар) караган. Өз милдетин толук аткарган З. кайтып келгенден кийин көргөн-билгенде­ри тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген.


Ад.: Византийские историки Дексипп, Эвнапий, Олимпиодор, Малх, Пётр Патрикий, Менандр, Кандид, Ноннос и Феофан Византиец /Пер. с греч. СПб., 1860; Пигулевска Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Источниковедение Кыргыз­стана. Б., 1996; 2-ое доп. изд. 2004.


Т. Жуманалиев.