ЗЕНКОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕНКО́В Геннадий Степанович (28. 8. 1924, Кытай, Шара-Сумэ ш. – 23. 10. 2004, Бишкек) – тилчи, филология илимд. доктору (1993), проф. (1991). КРдин эмг. сиң. мугалими (1979). Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1950). 1953– 2004-ж.чейин КМУда ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, декан болуп эмгектенген. 30 –133
З. тил илиминин типол. түзүлүшүн, негизинен орус тилиндеги сөздөрдүн түзүлүш жолдорун изилдеген. 150дөн ашык ил. эмгеги бар. Ата Мекендик согуш ордени ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.