ЗЕРАВШАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗЕРАВША́Н , З а р а ф ш о н (жогорку агымы – М а т ч а) – Тажикстан м-н Өзбекстандагы дарыя. Уз. 877 км, алабынын аянты 17,7 миң км2. Көк-Суу тоо тоомундагы Зеравшан мөңгүсүнөн башталып, төмөнкү бөлүгү түздүк аркылуу агат. Орт. чыгымы 162 м3/сек. Сугатка пайдалангандыктан, Аму-Дарыяга жетпейт. Катта-Коргон ж-а Куюмазар суу сактагычтары курулган. З-дын төмөнкү агымы Аму-Бухара каналы аркылуу Аму-Дарыянын суусу м-н толукталып турат. Зеравшан өрөөнүндө эл жыш отурукташкан. Боюнда Пенжикент, Самаркан, Бухара ж. б. шаарлар жайгашкан.