ЗЕРГЕРЧИЛИК
ЗЕРГЕРЧИЛИК – асыл металлдардан көркөм, кооз буюм жасоо өнөрү. Ал байыркы заманда темир устачылыктан өз алдынча бөлүнүп чыккан. Археол. казуулардан табылган асыл буюмдар Байыркы Египет, мурдагы СССР, Саян-Алтай, Борб. Азия, а. и. Кыргызстан аймактарында З-тин байыркы заманда эле пайда болуп, жогорку деңгээлде өнүккөнүн далилдейт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында кыргыздын белгилүү зергерлери өз өнөрүн негизги чарба (көчмөн ж-а жарым көчмөн турмушта өнүккөн мал чарбачылыгы) м-н айкалыштырган. Алар З-те жашытуу, темир бетине күмүш жалатуу

(шөкөттөө), атайын калыптын жардамы м-н штамптоо, көркөмдөп көзөө же кесүү, буюмдун четин көркөмдөп кыркуу, сыялоо, карартуу, таруулатуу (сиркелетүү), эшилген күмүш зымдар м-н шөкөттөө, түстүү асыл металлдарды эритип куюу, тогуз төбөлөө (баалуу асыл таштарды, бермет-шуруларды экинчи заттын оюгуна, бетине чөгөрүү), чапкылоо, көркөм куюу, тордоо, эмалдоо ыкмаларын көбүрөөк колдонушкан. Алтын-күмүштүн буусуна кармоо, оюп-чиймелөө ж. б. жолдору кенен тараган. Асыл буюмдардын бетине мүйүз, карга тырмак, кыял, бычак учу, бармак боочу ж. б. оюмдар түшүрүлгөн. Кыз-келиндердин желбирөөч, сөйкө желбирөөч, сөйкө, билерик, төөнөгүч, бой тумар ж. б. кооздук буюмдарын күмүш ж-а жезден чоюп, эшип, өрүп, бурап жасалган ичке зымдар м-н көркөмдөшкөн. З. буюмдары сыйлык, тартуу катары байгеге берилген. Адигине уулу Мамбет, Айтымбет уста, Алдаярбек уулу Айсыракун, Исраил уулу Сыдык, Өмүр уулу Мамбетаалы ж. б. у. с. колунан көөрү төгүлгөн чебер зергерлердин жасаган буюмдары өтө баалуулугу ж-а ар түрдүүлүгү м-н айырмаланган. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн «Кыял» бирикмесинде жаралган зер асем буюмдар Москва, Санкт-Петербург, Абакан, Красноярск, Кызыл, Минусинск, Тоолуу-Алтай ш-нын тарых музейлеринде сакталууда, о. эле чет мамлекеттерге экспорттолуп, кыргыз элинин З. өнөрүн дүйнөгө таанытууда.
Ад.: Кыргыздын элдик кенчтери. Ф., 1974; Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов. Ф., 1962; Айтмамбетов Д. Культура киргизского народа во второй половине XIX и начале XX в. Ф., 1967; Акматалиев А. Кыргыздын кол өнөрчүлөрү. Ф., 1975, Акматалиев А.
Кыргыздын уз-усталары. Антология. Б., 1997.