ЗЕРГЕР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕРГЕР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түш.- батыш тармагы. Зергер ж-а Доңуз-Суу суулары­нын (Жазынын оң куймалары) аралыгында түш.-батыштан түн.-чыгышты карай 23–25 кмге созулуп жатат. Өзгөн р-нунун аймагында. Туу­расы 7–8 км. Орт. бийикт. 1700–2000 м, эң би­йик жери 2186 м. Кыры тайпак, түш.-батышка акырындап жантаят. Тоо капталдары кыска, анчалык тик эмес, кокту-колоттор кездешет. Түн.-чыгыш бийик бөлүгү карбон-пермь ж-а юра мезгилдеринин кумдук, алевролит, сланец, гра­велит, жапызыраак түш.-батышы бор мезги­линин кызыл түстүү кумдук, конгломерат, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Талаа (1600 мге че­йин) ж-а андан жогору шалбаалуу талаа, шал­баалуу жаңгак токою, ландшафт алкактары ба­сымдуу. Жайыт, чөп чабынды; токой чарбасы бар.