ЗЕРГЕР 1
ЗЕРГЕР (фарсча зэргэр – алтын буюмдар устасы) – асыл (алтын, күмүш, платина жана башка) жана түстүү металлдардан көркөм буюмдарды жасоочу чебер уста. Алар өз алдынча устаканада узанышып, бирден-экиден шакирт (окуучу) кармашкан. Асем буюмдарын (билерик, искек, желбирөөч, оймок, шакек, топчу, төөнөгүч, сөйкө, чолпу жана башкалар) жасашкан. Ошондой эле ат жабдыктарын (ээр, жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, камчы, үзөнгү жана башкалар), жоо-жарактарын (айбалта, саадак, калкан жана башка), үй эмеректерин (ала бакан, жагдан, үкөк жана башка музыкалык аспаптарды (ооз комуз, сыбызгы, чоор жана башкалар), аңчылык (томого, балдак) жана жыгач, мүйүз, көн (шири) буюмдарын шөкөттөгөн. Кыргызда «Эр кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» деген макал ошондон улам айтылса керек.