ЗЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕ́Я – Ы. Чыгыштагы дарыя, Амурдун сол куй­масы. Уз. 1242 км, алабынын аянты 233 миң км2. Становой кырка тоосунан башталып, төмөнкү агымы Жогорку Зея түздүгү аркылуу агат. Туку­рингра ж-а Соктахан тоо тизмектери аркылуу өтүп, аскалуу капчыгай – Зея Дарбазасын пайда кылат; мында ГЭС курулган. Селемжанын чаты­нан төмөн карай Зея-Бурея түздүгү аркылуу агат.
Негизги куймалары – Селемжа (сол), Гилюй (оң). Орт. чыгымы 1900 м3/сек. Ноябрдан май­дын башына чейин тоңот. Зея суу сактагычында ж-а ГЭСтен төмөн карай кеме жүрөт. Боюнда Зея, Свободный, Благовещенск ш. жайгашкан.