ЗЕҢГИ БАБА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗЕҢГИ БАБА – элдик ишенимде уйдун кол­доочу пири, ээси. Диний түшүнүктө З. б. жы­лоологон адамдын уюнун тукуму көбөйүп, бай болот. Бул түшүнүк кыргызга өзбек м-н тажик­терден оошуп келген болуу керек. Уламыш б-ча З. б. (өзбекче Заңги ата) 13-к-да Ташкент айма­гында жашаган «олуя» ж-а уйчумандардын «пири», О. Азияга белгилүү эшен Арстанбаптын небереси болгон имиш.