ЗИББЕРШТЕЙН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗИ́ББЕРШТЕЙН Фаддей Карлович (1789, Польша – ө. ж. белгисиз) – орус армиясында кызмат кылган аскер дарыгери. 1821-ж. Виленск ун-тинин ил. дарыгерлик курсун бүтүргөндөн кийин, Омск аскер гарнизонунда дарыгер болуп кызмат өтөгөн. 1825-ж. 25-майда Омск ш-нан кайра элине кайтышкан кыргыз элчилерине (Акымбек Олжобай уулу, Алгазы Шералы уулу, Алымбек Жапалак уулу) кошулуп, Ысык-Көлгө чейин келип кеткен. Кайтып барганда (1825-ж. октябрь) Батыш Сибирь генерал-губернаторуна «Омск гарнизон полкунун дарыгери Зибберштейндин иш сапарындагы байкоолору» деген кол жазмасын тапшырган. Андагы кыргыздардын 19-к-дын 1-чейрегиндеги коомдук-саясий турмушу, геогр. абалы ж-дө маалыматтар азыркы күндө ил. маанисин жогото элек.
Т. Асанов.