ЗИКИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИКИР , з и к и р ч а л у у – (арабча зикр – эскерүү, эс-тутум) – исламдын суфизм агымындагы ай­рым багыттарга мүнөздүү болгон «Аллага сыйы­нуу» жөрөлгөсү. Зикир жарыя да (үн чыгарып), ку­пуя да (үн чыгарбай) чалынат. Зикирде бир топ сопу­лар чогуу отуруп, Алланын ысымдарын жана ис­лам ураандарын обонго салып, кайра-кайра кай­талашат. Зикир чалуучулар бара-бара элирип ба­рып, өзүн-өзү унутуп, экстаз абалына жетиши мүмкүн.