ЗИМА
ЗИМА́ Борис Михайлович [20. 8. 1908, Украина, Елизаветград (азыркы Кировоград ш.) – 1980, Фрунзе] – педагог, тарыхчы, проф. (1972). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1972). Москвадагы тарых философия ин-тун бүтүргөн (1935). Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942– 46). КМПИде (1935–42; 1946–51), КМУда окутуучу, доцент, тарых кафедрасынын башчысы, декан болуп иштеген (1951–80). Ил. эмгектери Кырг-ндын тарыхына арналган. Саймалы-Ташка чегилген сүрөт ж-а оймо-чиймелерди изилдеп, анын табышмактуу сырларын ил. түрдө аныктаган. З. 40ка жакын ил. эмгектин автору. Ленин, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Иссык-Кульские жертвенники. Ф., 1941; Из
ис тор ии из уч е н ия н ас к а льн ых из обр а ж ен ий Киргизии//Тр. Ин-та истории АН Кирг. ССР. Ф., 1958. В. 4.