ЗИМА Анна Гавриловна
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ЗИМА́ Анна Гавриловна (1909, Одесса – 1985, Бишкек) – тарых илимдеринин доктору (1967), профессор (1971), Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1969).

Кыргыз ССР илим ж-а техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1972). 1935-жылы Москвадагы тарых-философия институтун бүткөн. 1935–56-жылдарда Кыргызстандын ЖОЖдорунда окутуучу, 1957–73-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, 1974- жылдан сектор башчысы болуп иштеген.