ЗИМБАБВЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗИМБА́БВЕ , З и м б а б в е Р е с п у б л и к а­с ы – Африканын түш. бөлүгүндө жайгашкан өлкө.

Түн.-чыгышынан ж-а чыгышынан Мозам­бик, түн.-батышынан Замбия, түштүгүнөн ТАР, батышынан Ботсвана м-н чектешет. Аянты 390, миң км2. Калкы 12,4 млн (2007). Борбору – Ха­раре ш. (1982-ж. чейин – Солсбери). Расмий тил­дери – анлис, шона ж-а ндебеле тилдери. Акча бирдиги – З. доллары. Адм.-айм. жактан 8 про­винцияга бөлүнөт; о. эле Хараре, Булавайо ш. да провинциялык статуска ээ. Провинциялар 59 округга, округдар 1200 муниципалитетке бөлүнөт.
БУУнун (1980), Африка союзунун (2002), ЭВФ-тин (1980), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007)

(1995), Африка биримдиги уюмунун (1980), Чы­гыш ж-а Түш. Африка жалпы рыногунун (1994), Түш. Африка өнүгүү коомдоштугунун (1992), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1980), ЭВФтин (1980) ж. б. уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. З. – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Мамлекет башчысы – президент (Р. Г. Мугабе; 1980-жылдан премьер-министр, 1987-ж. премьер-министрлик кызмат жоюлган соң, республиканын президенти, 2002-ж. кайра­дан шайланган). Президент 5 жылдык мөөнөткө жалпы добуш берүү жолу м-н шайланат. Ал өкмөттү да жетектейт. Жогорку мыйзам чыгаруу органы – эки палаталуу парламент. Парламент Сенаттан ж-а Улуттук ассамблеядан түзүлөт.
Негизги саясий партиялары: Зимбабве Афри­ка улуттук союзу – Патриоттук фронту (1963-ж. уюшулган; партиянын биринчи катчысы – Р. Мугабе), Демокр. өзгөртүүлөр үчүн кыймыл (2000-ж. түзүлгөн оппозициялык партия; төра­гасы – М. Цвангираи).

Табияты

. Аймагын дээрлик Матабеле ж-а Ма­шона платолору ээлейт; алардын деңиз деңг. орт. бийикт. 800–1500 м, эң бийик жери 2596 м (Иньянга тоосундагы чоку). Платолор түндүктө Замбези, түштүктө Лимпопо д-нын өрөөндөрүн карай тепкичтенип жапыздайт. З. хром руда­ларынын ж-а платина тобундагы металлдардын запасы б-ча дүйнөдө 3-орунда; о. эле алтын, те­мир кендеринин мааниси зор. Климаты түн.

Иньянга тоосу.



Матусадена улуттук паркы.

бөлүгүндө субэкватордук, түштүгүндө тропиктик. Эң жылуу айынын (январь) орт. темп-расы 21°– 27°С, эң серүүн айыныкы (июль) 10°–17°С. Жылдык жаан-чачыны түш.-батышында 300– 750 ммден, чыгышында 1250 ммге чейин. Дарыя­лары Замбезинин ж-а Лимпопонун алаптары­на кирет. Замбези д-нын ортоңку агымында Ка­риба суу сактагычы курулган. Саванналуу сей­рек токой басымдуу; түш.-батышына чөлдөшкөн саванна мүнөздүү. Иньянга тоосунун чыгыш капталын дайыма жашыл нымдуу токой ж-а тоо шалбаасы ээлейт. Виктория-Фолс улуттук паркы уюштурулган. Бир нече резерват жана заказник бар.

Калкынын

басымдуу бөлүгү (97,9%) африка­лыктар – бантулар (шона, матабеле, ндебеле, лоза, тонга ж. б.), о. эле европалыктар (100 миң­ге жакын), мулаттар да бар. Христиан (30%) ж-а салт болуп калган жерг. динди (60%) тутат.
Зимбабвенин борбору – Хараре шаары.

Калктын табигый өсүүсү ИЖОС (СПИД) эпидемиясына байланыштуу (15–54 жаштагы­лардын 20%ке жакыны ВИЧке чалдыккан) төмөн (0,6%; 2007). Бала төрөлүү (1000 киши­ден 27,7) өлүм-житимден бир аз гана (21,8) жо­гору. Курактык структурада эмгек жашындагы­лар (15–64) басымдуу, 59,3%; өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 37,2%; 65тен ашкандар 3,5%. Орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 32,2 киши. Калкынын жашынын күтүлгөн орт. узактыгы – 39,5 жаш (эркектериники – 40,6, аялдарыны­кы – 38,4). Шаар калкы 32%. Ири шаарлары: Хараре (1607 миң), Булавайо (713,3 миң), Гверу (148,9), Читунгвиза (352,2), Мутаре, (193,6). Экон. активдүү калктын (4 млн) 66%и а. ч-нда, 24%и тейлөө чөйрөсүндө, 10%и ө. ж-нда эмгектенет.

Тарыхы

. З. аймагын адамдар таш доорунан мекендеген. Темир дооруна таандык Гокомере, Леопардс-Копье, Зива эстеликтери белгилүү. 12- к-да З. аймагында Мономотапа мамлекети пай­да болгон. 19-к-дын аяк ченинде өлкөнү Улуу Британия басып алган соң, англиялыктар З-ни Түш. Родезия деп атаган. 1953-ж. Түш. Родезия Родезия ж-а Ньясаленд Федерациясынын кура­мына кирген. Антиколониялык кыймылдын күч алышынын натыйжасында Улуу Британия өкмөтү Федерацияны таркатып, 1964-ж. Түш.
Родезия (Замбия) м-н Ньясаленддин (Малави) көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болот. Бийлик ак расанын аз сандуу өкүлдөрүнүн ко­лунда болгондуктан, Түш. Родезиянын башын­да турган Я. Д. Смит бир тараптуу түрдө көз ка­рандысыз өз өкмөтүн жарыялаган (11. 11. 1965). Бирок эл аралык уюмдар аны тааныган эмес. 1978-ж. Я. Д. Смит ички кырдаалды жөнгө са­луу үчүн жерг. элдик кыймылдын өкүлдөрү А. Т. Музорева ж-а Н. Ситоле м-н келишүүгө аргасыз болуп, 1979-ж. парламенттик шайлоо өткөргөн. Африка элинин Патриоттук Фронту шайлоого бойкот жарыялагандыктан, шайлоо­нун негизинде Музорева – Смиттин коалиция­лык өкмөтү түзүлүп, Зимбабве – Родезия респ­сы жарыяланган. Бирок аймакта куралдуу кү­рөш муну м-н эле токтоп калган эмес. 1980-ж. 18-апрелде көз карандысыз З. Республикасы жа­рыяланган ж-а шайлоодо З. Африка улуттук союзу партиясы жеңишке жетип, өкмөттү Р. Му­габе жетектеп, 1987-ж. өлкөнүн президенти бо­луп (1996-ж. экинчи мөөнөткө) шайланган. 90- жылдары өлкөнүн экономикасын модернизация­лоо б-ча бир катар реформалар жүзөгө ашырылса да, 1997- ж-а 1998-ж. Мугабенин бийлигине кар­шы кыймылдар башталганына карабастан, 2000-ж. парламенттик шайлоодо З. Африка улуттук союзу – Патриоттук фронту жеңишке жетишкен. 2002-ж. Р. Мугабе өлкө башчысы болуп калган.

Экономикасы

. З. 1990-жылдардын аягына че­йин Африкадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири бол­гон; экономикасынын негизин а. ч., кен казып алуу ж-а туризм түзгөн. 2000-жылдардын ба­шында терең кризиске учураган. 1999–2005-ж. бүт чарба тармактарында өндүрүштүн көлөмү 2 эсеге төмөндөгөн. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 25,1 млрд долларды түзгөн; аны киши башына бө­лүштүргөндө 2000 доллардан туура келген. ИДП-деги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 59,4%, ө. ж-ныкы 22,9%, а. ч-ныкы 17,7%. З-де 40тан ашык кен казып алынып, ИДПнин 4,5%ин, экспорт-


тун 1/

бөлүгүн түзөт. Кен байлыгынын ичинен экономикасында платина тобундагы металлдар, алтын, хромит, алмаз маанилүү орунду ээлейт. З. платина тобундагы металлдардын запасы б­ча дүйнөдө 3-орунда (ТАР, РФтен кийинки); жылына 12 миң т (5 миң тдан ашыгы платина, 4 тдан ашыгы палладий) казып алынат. Негиз­ги кендери: Мимоса, Нгези. Алтын негизинен Квекве, Хараре, Шуругви, Булавайо аймакта­рынан казылып алынат (2006-ж. 14 тдан ашык). Хромиттин запасы б-ча дүйнөдө 3 орунда (ТАР, Казакстандан кийинки). 2005-ж. 600 миң тдан ашык хромит казып алынган (ТАР, Казакстан ж-а Индиядан кийин 4-орунда турат). О. эле ал­маз (Мурова, Чолочо; 251 миң кар), темир (Квек­ве; 377 миң т), литий (Масвинго; 37,5 миң т), көмүр (Хванге) 2,9 млн т) ж. б. казылып алы­нат. 2004-ж. 9,4 млрд кВт · саат электр энергия­сы өндүрүлгөн; эң ири ГЭСи – Замбези д-ндагы Кариба ГЭСи; о. эле ЖЭСтер да иштейт. Негиз­ги ө. ж. ишканалары: металлургия ж-а металл иштетүү, автомобиль химия, нефть ажыратуу, тамеки, тамак-аш, текстиль, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, эмерек ж. б. Айдоо жер өлкөнүн аймагынын 8,2%ин ээлейт; 1,7 миң км2 жери сугарылат. Экспорттук не­гизги өсүмдүгү – тамеки; ал 2000-ж. 227,8 миң т жыйналса, 2005-ж. 65 миң тга чейин (кирешеси 75%ке) кыскарган. Башка экспорттук маанилүү өсүмдүктөрү: пахта, бал камыш; маанилүү азык­түлүк өсүмдүктөрү: жүгөрү, о. эле маниок, жер жаңгак, буудай, соя, жашылча ж-а жемиш, не­гизинен апельсин, банан), чай, кофе, күн кара­ма, арпа ж. б. Келечекте экспорт үчүн гүл (неги­зинен чеге гүл, атыргүл) өстүрүүгө багыт алды. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2004-ж. 5,4 млн бодо мал, 3 млн эчки, 0,6 млн кой болгон. Кургакчылык ж-а цеце чымынын көптүгү а. ч-на көп зыян келтирет.
Темир жолунун жалпы уз. 3,1 миң км, анын 313 кми электрлештирилген (2005). Автомобиль жолунуку 97,4 миң км. Хараре, Булавайо ш-нда


Зимбабве акчасы.

эл аралык аэропорт бар. Замбези д. (негизинен Мозамбикке хромит ташылат) ж-а Кариба суу сактагычы аркылуу кеме каттайт; порттору: Бинга, Кариба. Нефть куурунун уз. 212 км (Бей­ра, Мозамбик – Мутаре). Товардык экспортунун наркы 1,8 млрд дол­лар, импорттуку 2,1 млрд доллар (2006). Экс­портко алтын, платина, феррокуйма, а. ч. про­дуктуларын (негизинен тамеки, пахта, кант), текстиль, гүл чыгарып, сырттан машина ж-а анын тетиктерин, нефть ж-а нефть продукту­сун, химикат, азык-түлүк сатып алат. Негизги соода шериктери: ТАР, Кытай, Япония, Зам­бия, Нидерланд, Германия, Ботсвана.

Маданияты

. 1980-ж. чейин билим берүү иши расалык дискриминация принцибинде болгон. Жерг. калктын ж-а европалыктардын балдары бөлөк окутулган. ЖОЖдору: Хараредеги Роде­зия ун-ти (1955-ж. негизделген) ж-а Хараре по-

Харареге жакын алачык.

литех. ин-ту (1927). Ири музейлери: Булавайо­догу улуттук З. музейи, Хараредеги Улуттук галерея ж. б. Ири китепканалары: Парламент­тик китепкана, Калк китепканасы, Универси­теттик китепкана ж. б. англис тилинде «Ге­ральд», «Кроникл», «Санди мейл», «Санди ньюс» ж. б. гезиттер чыгат. ММК трести (АО; негизги капиталы мамлекетке таандык) З. Африка өлкө­лөр аралык маалымат агентчилигине (ЗИАНА) карайт. Мамл. радио уктуруу ж-а телекөрсөтүү кызматы иштейт.


Ад.: Железный век Африки. М., 1982; Краснопевцева Т. И. Зимбабве М., 1988; Республика Зимбабве: Спра­вочник. М. 1985; Зимбабве // Большая Российская энциклопедия. Т. 10. М., 2008.