ЗМИЕНКО
ЗМИ́ЕНКО Анатолий Гаврилович (1923, Россия, Кировоград обл., Новомиргород р-ну, Розлив кыш. – 1989, Бишкек) – тоо инженери, Кыргыз ССР геол. кызматына эмг. сиң. кызматкер (1974). Кыргыз ССР мамл. сыйл. лауреаты (1976). Кривой Рог тоо-кен ин-тун бүтүргөн (1950). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1942–45). Кыргыз ССР Геол. башкармалыгынын геол. партияларында тоо иштеринин прорабы, башкы инженери (1950–55), СССР геология министрлигинин Башкы геол. башкармалыгынын партияларында (Акмоло, Көкчө-Тоо обл., Казак ССРи) башкы инженер (1955–58), Түн. Кырг-н геол. экспедициясынын башкы инженери (1958–71), Кыргыз ССР геол. башкармалыгында өндүрүш бөлүмүнүн начальниги (1971– 75), башкармалыктын начальнигинин биринчи орун басары – башкы инженери (1975–83), өн-
дүрүш бөлүмүнүн начальниги, улук инженери (1983–85). Респ-да минералдык сырьёнун жаңы түрүн өздөштүрүп, анын ири кенин чалгындоого чоң салым кошкон. Кызыл Жылдыз, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.