ЗОДИАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОДИА́К (гр. zōdiakjs, zoon – жаныбар), з о­д и а к а л к а г ы – асман сферасынын орто­сунда эклиптика алкагындагы жылдыздар жыйындысы. Күн топ жылдыздарды аралап, бир жыл ичинде асман сферасындагы чоң тегерек эклиптика б-ча өтөт. Күн басып өткөн 12 топ жылдыз З. топ жылдыздары деп аталып, З. ал­кагында жатат. Бул топ жылдыздардын көбү жаныбарлардын сырткы келбетин чагылдырган­дыктан, алардын аты м-н аталган. Март айын­да Күн Балык топ жылдызында болот. Апрел­де Күн Кой топ жылдызына келет. Эки миңдей жыл мурда жазгы күн-түн теңелүү чекити ушул топ жылдызда болгон, прецессиянын натый­жасында ал Балыкка которулган. Май айында Күн Букачар топ жылдызына токтолот. Бул топ жылдыздын жүзгө жакынын куралсыз көз м-н көрүүгө болот, алардын эң жарыгы – кы­зыл алп жылдыз Альдебаран. Июнда Күн Эгиз­дер топ жылдызына келет. Анын эң эле жарык жылдыздары – Поллукс м-н Кастор. Бул топ жылдызга жайкы күн токтолуу чекити туура келет. Июлда Күн Суучаян топ жылдызында болот. Мында жарык жылдыздар жок. Болжол м-н 20-августта Күн Арстан топ жылдызына өтөт. Мында бир нече ондогон жаркырак жыл­дыздар бар, алар – Регул ж-а Денебола. Сентябр­да Күн – Бийкеч топ жылдызына келет, анын эң жаркырак жылдызы – Спика. Бийкеч топ жылдызында күзгү күн-түн теңелүү чекити жай­гашкан ж-а алгачкы квазарлардын бири ачыл­ган. Октябрда Күн Тараза топ жылдызына ке­лет, мында үч гана жылдызды куралсыз кө­рүүгө болот. Ноябрда Күн Чаян топ жылдызы­нан өтөт. Бул топ жылдыздын эң жарык жыл­дызы – кызгылт Антарес. Декабрда Күн Жаачы топ жылдызында болот. Ушул топ жылдыз­дын багытында биздин Галактиканын борбору жайгашкан. Кышкы күн токтолуу чекити да ушунда. Январда Күн Текечер топ жылдызында болот, мында жарык жылдыздар жок. Феврал­да Күн Суу куйгуч топ жылдызында болот.