ЗОЛЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗО́ЛЯ Эмиль (2. 4. 1840, Париж – 29. 9. 1902, ошол эле жер) – француз жазуучусу.

Парижде­ги лицейди бүтүргөн (1860). «Клоддун өмүр чын­дыгы» аттуу тунгуч романы 1865-ж. жарык көр­гөн. Алгачкы чыгармалары романтикалуу поэтикага жа­кын болгон («Нинондун жо­моктору», 1864). 1868–70-ж. З. респ. оппозициянын бас­ма сөздөрүндө («Трибюн», «Рапель») иштеген. 1871– 93-ж. «Ругон-Маккарлар» аттуу бир үй-бүлөнүн та­рыхы ж-дө 20 томдуу роман сериясын жазган. Сериянын «Париж ичи» (1873), «Тузак» (1877), «Жерминаль» (1885), «Акча» (1891), «Кый­роо» (1892) аттуу романдарында социалдык карама-каршылыктар сүрөттөлөт. «Тереза Ра­кен» (1873-ж. театрда коюлган), «Рабурдендин мурасчылары» (1874) ж. б. пьесалардын автору.