ЗОМБУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОМБУЛУК – КРдин Конституциясы кепил­деген инсандын кол тийгистигин бузуу м-н адам­га психикалык ж-а денесине залал келтирүү. Психикалык З. жабырлануучунун каршылык көрсөтүү эркин майтаруу үчүн коркутуу, опуза­лоо аркылуу болушу мүмкүн. Денеге З. келти­рүү адамды түздөн-түз уруп-согуу аркылуу адам­дын денесине жаракат келтирүүдөн көрүнөт.