ЗОНАЛУУЛУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗОНАЛУУЛУК г е о г р а ф и я д а – жараты­лыш кубулуштарынын, компоненттеринин, ландшафттарынын кеңдик багытта (экватордон уюлдарга карай) закон ченемдүү (ырааттуулук м-н) өзгөрүшү. З-ту дүйнөлүк закон катары (жер бетинин бардык бөлүктөрүнө ж-а жаратылыш­тын бардык компоненттерине мүнөздүү) бирин­чи жолу В. В. Докучаев (1898) сунуш кылган. Жердин шар сымал формасы, ошого байланыш­туу күн нурларынын жер бетине экватордон уюл­дарды карай улам азайган бурч м-н келип түшүшү З-ту пайда кылат. Анткени экватордон уюлдарды карай жер бетин күн нуру улам азы­раак жылытат. Бирок планеталык-астр. фак­торлор жер бетинде З-тун пайда болушуна шарт түзсө, З. жер бетинин түрүнө (кургактык же океан), деңиз ж-а аба агымдарынын таасирине, аймактын абс. бийиктигине, рельефине жара­ша болот, б. а. З-тун даана көрүнүшү геогр. кат­мардын өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу. Анын үстүнө жаратылыш компоненттери ар түрдүү болгондуктан, алардын өнүгүү закондору да ар башка мүнөздө. Климаттык, гидрол., рельефтик, топурактык, өсүмдүктүк ж. б. зоналардын чек­тери бири-бирине дал келбейт. Айрым компо­ненттерде (өсүмдүк-топурактарда) З. айкын би­линсе, бөлөк компоненттерде (мис., рельефте, борпоң тоотек катмарларында ж. б.) анчалык даана байкалбайт. Бирок, жаратылыш компо­ненттери өз ара аракетте болгондуктан, алар бири-бирине таасир тийгизет – ылайыкташат. Ошондуктан жер бетинде бирдиктүү табигый же ландшафттык зоналар калыптанат. Бир зона­да ландшафттардын айрым бир түрү басымдуу­лук кылат. Ландшафттык зоналар жер бетинде өтө татаал, мозаикалык көрүнүштү пайда кы­лат: айрым зоналар (чөлдөр, талаалар) материк­тердин ичкери бөлүгүндө калыптанса, башка­лары (мис., токойлор) океанга жакыныраак тилкени түзөт. Зоналар кеңдик багытта эле со­зулбастан, айрым учурларда меридиан багытын­да да (Түн. Америкада ) жатат. Кээ бир зоналар кеңири (тайга, саванна сыяктуу), айрымдары куушураак тилкени түзөт. Тоолуу аймактарда кеңдик З. бийиктик алкактуулук м-н алма­шат. З. күн радиациясы сиңген жер бетинде ж-а ага жанаша жаткан абада, сууда, жука жер кыртышында гана даана байкалат. Атм-да ал абанын жер бетиндеги катмары деген төмөнкү бөлүгүндө (орт. калыңдыгы 1,5–2,5 км, макси­муму 4 км), сууда күн нуру сиңген 200 м терең­дикке чейин, кургактыкта жер астындагы суу­ларга чейинки үбөлөнүү катмарында (2–3 мден 100–120 мге чейин) ачык байкалып, алардан жогору же төмөн карай бүдөмүктөнүп кетет. Бирок, З-тун кыйыр белгилери геогр. катмар­дын эң четки чектеринде да кездешет.


Ад.: Колесник С. В. Общие географические законо­мерности Земли. М., 1970; Григорьев А. А. Законо­мерности строения и развития географической среды. М., 1966; Мильков Ф. Н. Физическая география. Учение о ландшафте и географическая зональность. М., 1986.


Т. Кулматов.