ЗООГЕОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЗООГЕОГРА́ФИЯ , ж а н ы б а р л а р г е о­г р а ф и я с ы – географиянын ж-а зоологиянын жер бетиндеги жаныбарлардын геогр. таралы­шын изилдөөчү бөлүгү. Ал систематика, па­леонтология, экология ж. б. биол. илимдер м-н тыгыз байланыштуу. 18-к-да З-лык экспе­дициялар уюштурулуп, чогулган материалдар 19-к-да жыйынтыкталган. З-нын өсүшүндө Ю. И. Семашко, Н. А. Северцов ж-а А. П. Семё- нов-Тян-Шанский ж. б. орус илимпоздорунун эмгеги зор. З-нын мааниси жаратылыш байлык­тарын сарамжал пайдалануу зарылдыгына не­гизделген. Анын негизги ыкмасы – зоол. карта түзүү ж-а андагы түрлөрдүн жашаган ареалын тактоо. Түрлөрдүн таралышы, курамы б-ча жыйынтыктар ошол өлкөнүн фаунасы ж-дө жалпы маалымат берет. Белгилүү бир аймакта гана жашаган түр эндемиктер деп аталат. Акыркы жүз жылда адамдын иш-аракетине байланыштуу табиятты өзгөртүү (айдоо, токой кыюу, саз кургатуу, кырып жок кылуу, куру­луш ж. б.) фаунанын өзгөрүшүнө, айрым түрлөр­дүн тукум курут болушуна, о. эле кээ бир жа­ныбардын адамга көнүп же мителик кылып жашап, ылайыктанышына алып келди. З. түр­дүн пайда болуу жолдорун ж-а себебин изилдөө, аңчылык, балык кармоо, токой ж-а а. ч-нын зыянкечтерин жоготуу, пайдалуу ж-а териси баалуу айбанаттарды коргоо ж. б. маселелерди чечүүдө практикалык мааниси чоң.