ЗООЛОГИЯ
ЗООЛО́ГИЯ (зоо... ж-а ...логия) – жаныбарлар ж-дөгү илим; биологиянын негизги бөлүгү. Жаныбарлардын келип чыгышын, көп түрдүүлүгүн ж-а алардын бөлүнүшүн, о. эле жер бетинде таралышын, айлана-чөйрө м-н байланышын, жашоо-тиричилигин, түзүлүшүн, өөрчүшүн үйрөтөт. Бир топ ил. тармакка: жаныбарлар морфологиясы, анатомия (жаныбарлардын ички ж-а сырткы түзүлүшү), гистология, цитология (микроскоптук структурасы) ж-а эмбриология (алардын жекече өөрчүшү) бөлүнөт. Жаныбарлардын түрдүү топтогу формаларын салыштырып, тарыхый өөрчүү процессиндеги негизги өзгөргүчтүк закон ченемин жаныбарлардын салыштырма анатомиясы ж-а эмбриологиясы, организмдин жекече өөрчүшүндө ички ж-а сырткы себептердин маанисин эксперименттик морфология изилдейт. З. физиология, биохимия, экология, зоогеография ж. б. илимдер м-н байланыштуу. Систематика, о. эле З. тармактары (протозоо-
логия – бир клеткалуулар, гельминтология – мите курттар, энтомология – курт-кумурска, ихтиология – балыктар, орнитология – канаттуулар, териология – сүт эмүүчүлөр ж-дөгү ж. б.) пайда болду. З. ботаника м-н бирдикте жалпы маселелерди чечет. Жаныбарлар ж-дөгү маалыматтар илгертен эле белгилүү болгон. Аларды сыпаттаган ж-а адамдын турмушундагы мааниси ж-дөгү ад-ттар байыркы Кытай, Индия ж. б. өлкөлөрдө пайда болгон. З. б-ча алгачкы маалыматтар грек философу Аристотелге таандык. Кайра жаралуу доорундагы саякаттар, ачылыштар европалыктарга жаңы ачылган жерлердеги жаныбарлардын ар түрдүүлүгүн изилдөөгө мүмкүндүк берген. З-нын өнүгүшүнө К. Линней, Ж. Ламарк, Ч. Дарвин ж. б. илимпоздор зор салым кошкон. 17-к-да микроскоптун жасалышына байланыштуу майда организмдер ачылып, алардын түзүлүшүн изилдөө башталган. Жөнөкөйлөр ж-дөгү изилдөөлөрдөн алардын үй жаныбарларына, адамга оору козгогуч экендиги белгилүү болду. Ичеги көңдөйлүүлөр, үлүлдөр, рак сымалдар, ийне терилүүлөр ж. б-ды изилдөө океан, көлмөлөрдү иликтөөгө байланыштуу. Кенелер, оору таратуучулар адамга, жаныбарларга ж-а а. ч-на зыян келтиргендиктен, өсүмдүк, жаныбар ж-а адамга мителик кылуучу курттарды изилдөө гельминттердин таралуу закон ченемин, физиологиясын, экологиясын ж. б. маселелерди чечүүгө шарт түздү. А. ч. зыянкечтерине каршы чараларды иштеп чыгуу ж-а пайдалууларын көбөйтүү үчүн курт-кумурсканы изилдөө милдети келип чыкты. Омурткалуулардын ичинен балыктар, канаттуулар ж-а сүт эмүүчүлөр терең изилденген. З. жаныбарлардын таралышын, санын жөнгө салуунун, коргоонун ж-а айыл ж-а токой чарба зыянкечтерин жок кылуунун ил. негизи болуп эсептелет. З-лык изилдөөлөрдү түрдүү өлкөлөрдө ИАлардын зоол. ин-ттары, музейлер, зоол. коомдор, ЖОЖдордун тийиштүү кафедралары жүргүзөт.
Ад.: Жизнь животных: В 7 т. 2-е изд. М., 1983–
1989; Хадорн Э., Венер Р. Общая зоология. М., 1989.