ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК
ЗООЛОГИЯЛЫК ПАРК , з о о п а р к – жапайы айбанаттарды изилдөө, элге көрсөтүү ж-а төлдөтүү үчүн атайын капаста (мис., тордо) же эркин багуучу ил. агартуу мекемеси. З. п. зообактарга караганда кеңири аянтты ээлейт, анда ар кыл айбанат багылат. З. п. жаныбар дүйнөсүнүн көп түрдүүлүгүн көрсөтүү м-н бирге, табият илимин жайылтуу ж-а жапайы айбанаттарды коргоо б-ча үгүт, тарбия иштерин жүргүзөт. О. эле табиятта жоголуп же тукум курут болуп бараткан жапайы жаныбарлардын тукумун сактоо чараларын көрөт. З. п-та айбанаттардын ылаңы, аларды алдын алуу ыкмалары, дарылоо, азыктандыруу, көбөйтүү, байырлаштыруу ж. б. б-ча ил.-из. иштери жүргүзүлөт. Окуучулар, студенттер м-н окуу тажрыйба иштери өткөрүлөт. Б. з. ч. Байыркы Египетте, Кытайда З. п. болгон. Европада алгачкы З. п. Венада (1752), Мадридде (1770), андан кийин Москвада (1864), Петербургда (1865) уюшулган. Дүйнөдө 800дөн ашык З. п. бар. Эң ири З. п. Берлинде (1700дөй түр кармалат), Амстердамда (1300дөй түр), Лондондо (1000дей түр) ж. б. Алардын негизги материалдык байлыгы – тирүү жапайы айбанаттар. З. п. жаныбарлардын айрым түрүн (Давид бугусун, Пржевальский жылкысын, Гавай дудук казын ж. б.) тукум курут болуудан сактап калган.