ЗООЛОГИЯ МУЗЕЙИ
ЗООЛО́ГИЯ МУЗЕЙИ – жаныбарлардын коллекциялары (тери, кеп, скелет ж. б.) топтолгон ил. ж-а маданий агартуу мекеме. З. м. жаныбарлардын систематикасы, зоогеографиясы, өзгөргүчтүгү, салыштырма анатомиясы ж-а морфологиясы,. эвол. теория б-ча ил.-из. иштерин жүргүзөт. З. м. студенттер, мектеп окуучуларынын арасында окуу иштерин, токой ж-а а. ч., аңчылык б-ча кеңештерди уюштурат. Кырг-нда З. м. 1926-ж. уюштурулуп, адегенде «Край таануу музейи», 1953-жылдан З. м. деп аталып, Кыргыз ССР ИАнын карамагында болгон. 1963- жылдан КМУнун, 2000-жылдан КР УИАнын Биология ж-а топурак таануу ин-тунун карамагында. Анын 10 миңден ашык коллекциясы бар. Кырг-ндын жаныбарларын изилдөөдө, аларды коргоо маселелерин калк арасында кеңири жайылтууда ж-а ил.-из. иштерин жүргүзүүдө мааниси чоң.