ЗООТЕХНИЯ
ЗООТЕ́ХНИЯ (зоо... ж-а гр. ttchnē – өнөр, чеберчилик) – мал тукумдатуу, тоюттандыруу, багуу ж-а пайдалануу ж-дөгү илим. Мал чарбасын өнүктүрүүнүн теор. ж-а практикалык ыкмаларын иштеп чыгат. «З.» терминин 1848-ж. фр. илимпоз Ж. Бодеман сунуш кылган. Азыркы З. илими мал чарба азык-түлүгүн алуунун үнөмдүү технологиясын иштеп чыгуу м-н бирге, табият илимдерин кеңири пайдаланып, малдын биол. өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү (жалпы биология, зоология, анатомия, гистология, физиология, биохимия, эмбриология, генетика ж. б.) ж-а З-га тыгыз байланыштуу болгон ветеринария, агрономия, а. ч-н уюштуруу ж. б. илимдерге таянат. Башка илимдердей эле З. илими өзүнүн изилдөөлөрүндө тарыхый, салыштырма, тажрыйбалык, статистикалык ж. б. ыкмаларды пайдаланат. Жалпы ж-а айрым (мал түрү б-ча) З-га бөлүнөт. Ж а л п ы З. малдын бардык түрлөрүн ж-а породаларын көбөйтүү, тоюттандыруу, багуу ж-а пайдалануунун негизин, а йр ы м З. мал чарба тармагын жүргүзүүнүн технологиясын иштеп чыгат. Жалпы З. мал өстүрүү, тоюттандыруу, багуу деген бөлүмдөрдөн турат. З-нын мал өстүрүү бөлүмүнүн негизги милдети малдын сапатын жакшыртуу ж-а санын көбөйтүү, о. эле малга таасир кылуунун жаңы жолдорун издөө болуп эсептелет. Малдын продуктуулугун (эт, сүт, жумуртка, жүн ж. б.) арттырууга ж-а жаңы породаларды чыгарууга асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн (тандоо, ылгоо, аргындаштыруу ж. б.) негизинде жетишилет, анын теория м-н практикасын мал өстүрүү ж-дөгү илим иштеп чыгат. З-нын мал тоюттандыруу бөлүмү малдын сиңимдүү заттарга (белок, май, углевод, витамин ж. б.) муктаждыгын ж-а тоюттун хим. курамы м-н аш болумдуулугун изилдөөнүн негизинде нормалап тоюттандыруу ыкмаларын, мал багуу бөлүмү малды багуу жолдорун (короо-сарайда, үйүрдө ж. б.) иштеп чыгат; ыкмалардын натыйжалуулугун ж-а фермадагы оор жумуштарды механикалаштыруу, автоматташтыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт. З. байыртадан эле мал чарбачылыгы пайда болгондон өнүгө баштап, мал тоюттандыруу, багуу ж-а уруктандыруу ж-дөгү жолдомолор, о. эле порода түшүнүгү пайда болгон. О. кылымда ат армияда кеңири пайдаланылгандыктан, жылкы ж-дө атайын изилдөөлөр жүргүзүлгөн. 14-к-да араб окумуштуусу Абу Бекрдин жылкынын дене түзүлүшү ж-дөгү трактаты жаралган. 18-к-дын аягында жаңы породалар түзүлгөн. З-нын өнүгүшүнө Ч. Дарвиндин «Түрдүн келип чыгышы» (1859) деген эмгегиндеги эвол. окуу зор таасир тийгизген. З. илиминин негизинде Кыргн-дын мал чарбасы да өнүгүп, мал чарба азык-түлүгүн көбөйтүүдө чоң ийгиликтерге жетишилди. Кырг-нда З. илиминин өсүп, өнүгүшүнө акад. А. С. Всяких, М. Н. Лущихин, Н. И. Захарьев, Р. Э. Садыков, И. М. Ботбаев, проф. Е. Г. Мезенцев, В. Ф. Денисов, Б. С. Сарбагышев, А. Н. Назаркулов, Ю. Г. Быковченко, О. Д. Дүйшөкеев, К. Алагушев, А. А. Абдыкеримов, А. С. Ажыбеков, И. Р. Раззаков ж. б-дын салымдары чоң. Респ-да малдын жаңы породалары – ала-тоо ую, олуя-ата ую, кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою, алай кою, кыргыз жаңы жылкысы чыгарылды. Кырг-нда З. б-ча ил. иштер КР УИАнын Биология ж-а биотехнология ин-тунда, Кырг-н мал чарба ветеринария ж-а жайыт ИИИде, КАУда ж. б. жүргүзүлөт.
Ад.: Иванов М. Ф. Полн. собр. соч. Т. 1–7. М.,
1963–65; Борисенко Е. Я. Разведение сельскохозяйственных животных. 4-ое изд. М.; 1967; Зоотехникалык справочник. 2-бас. Ф., 1977; Достижения сельскохозяйственной науки / Отв. ред. А. А. Никонов. М., 1987.
Т. Ж. Чортонбаев.